Алтун жалган маалыматка каршы эскертүү жасады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун социалдык тармактагы баракчасынан бөлүштү.

1945345
Алтун жалган маалыматка каршы эскертүү жасады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдөн кийин маалымат тараткан билдирүүлөрдүн издөө-куткаруу процесстерин үзгүлтүккө учуратканын айтты.

Алтун социалдык тармактагы баракчасынан бөлүшүүсүндө:«Көптөгөн ата мекендик жана чет элдик эксперттер Түркиянын башынан өткөргөн чоң жана болуп көрбөгөндөй кырсыкка көңүл бурууда. Бул жер титирөөдө жердин кантип жылганын көрсөткөн спутник сүрөттөрү да кырсыктын масштабын көрсөтүүдө. Бирок, тилекке каршы, адам өмүрүнө коркунуч туудурган дагы бир коркунуч процессти коштоп жүрөт. Айрыкча табигый кырсыктарда, террордук чабуулдарда жана ушул сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда дезинформация адамдын өмүрүнө коркунуч туудурарын биз катуу сезип жатабыз»,-деп айтты.

«Бул акыркы жер титирөөдө социалдык медиа платформаларында жана ар кандай санариптик тиркемелерде тараган тастыкталбаган жана жалган маалыматтар куткаруу иштерине чоң зыян келтирди. Мындан жер титирөөдөн жабыркагандар да, талаадагы жан аябас жумушчулар да чоң зыян тартышты»,-деп  бөлүшкөн Алтун:«Мисалы, кечээ кечинде «Хатайда дамба жарылды, шаарды суу каптайт» деген жалган жалаа тарап, шаарды эвакуациялоого аракет кылган жарандар жана издөө-куткаруу иштеринин үзгүлтүккө учурашы сыяктуу орду толгус натыйжаларга туш болдук»,-деди.

Алтун бардыгын жалган маалымат тараткан эсептерге жана адамдарга каршы сак болууга чакырды.

Башка жагынан алганда, айыл чарба жана токой чарба министри Вахит Киришчи: «Биздин бир дагы объектиде дамбанын коопсуздугуна коркунуч келтирген жагдай жок. ГЭСтерде да көйгөй жок», - деп билдирүү жасады.



Тектеш кабарлар