Жейхун Байрамов Кахраманмарашта

Азербайжан ушул кезге чейин Түркияга 1200дөн ашуун чатыр жиберди.

1945196
Жейхун Байрамов Кахраманмарашта

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов 6 - февралда болгон жана 10 облус жабыркаган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдүн эпицентри Кахраманмарашка барышты.

Мевлүт Чавушоглу "кылымдын апааты" деп мүнөздөлгөн Кахраманмараш жер титирөөсүнүн жабыркаган аймакка барган Жейхун Байрамов менен бирдикте Кахраманмараш облустук коопсуздук директорлугунда Ички иштер министри Сүлейман Сойлунун жетекчиилигнде чогулган Апаат координациясы жыйынына катышты.

Азербайжан жер титирөө болгон аймактагы издөө -  куткаруу иштерине 745 кишилик топ менен жардам берүүдө. Азербайжан ушул кезге чейин Түркияга 1200дөн ашуун чатыр жиберди. 

 



Тектеш кабарлар