Түштүк Кореялык иллюстратордон маанилүү бөлүшүү

Минхо сүрөттөрү менен бирге : «Боордошторумун өлкөсү Түркияга сүрөттөрүм менен көңүл айтамын»,- деп билдирди.

1945236
Түштүк Кореялык иллюстратордон маанилүү бөлүшүү

Түштүк кореялык иллюстратор Мёнг Минхо 6-февралда Кахраманмарашта болгон жана 10 облусту таасири астына алган жер титирөөлөрдөн кийин көңүл айтуусун тарткан маанилүү сүрөтү менен билдирип, Түркия менен Түштүк Кореянын ортосунда 73 жыл мурунку боордоштук байланыштарын сүрөттөдү.   

Мёнг Минхо Корея согуштарында түрк аскерлеринин колдоосун жана жер титирөөдөн кийин Түркияга келген түштүк кореялык куткаруучулардын колдоосун эки башка сүрөт  менен баса белгиледи.

Минхо сүрөттөрү менен бирге : «Боордошторумун өлкөсү Түркияга сүрөттөрүм менен көңүл айтамын»,- деп билдирди.

Түркия  1950 – 1953 -  жылдардын арасында Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда башталган согушка эл аралык колдоонун негизинде аскер жиберген.

Согуштун башталышы менен 1953 - жылдын июль айындагы ок атышпоо келишимине чейин Кореяда жалпысынан 14936 түрк аскери кызмат кылган. Алардын 721и каза болуп, 175и дайынсыз жоголгон, 234ү туткунга түшүп, 2147си жарадар болгон. Түштүк Корея түрк аскерлеринин бул колдоосун унуткан жок жана эки өлкөнүн ортосунда өзгөчө достук түзүлдү.

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл жер титирөө боюнча : «Бул оор мезгилде менин жүрөгүм Түркия жана Сирия эли менен. Корея жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтат. Корея согушунда кан менен жуурулушкан бир туугандык байланышыбыз бар Түркияга ар тараптан жардам берүүгө даярбыз»,- деген.



Тектеш кабарлар