Песков жер титирөөдөн улам Түркияга жардам берүүнүн улантыларын айтты
Песков Россиянын жер титирөөдөн жабыркаган Сирияга да гуманитардык жардам көрсөтүүнү уланта тургандыгын белгиоледи.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 6 - февралда Кахраманмарашта «кылым каргашасы» деп мүнөздөлгөн жер титирөөлөрдөн улам Россиянын Түркияга берген колдоосу улана турганын айтты.
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге маалымат берип, Россиянын президенти Владимир Путиндин президент Режеп Таййип Эрдоганга көңүл айтуу билдирүүсүн жибергенин эске салды.
Бул апааттан улам Россиянын Түркияга колдоо көрсөткөнүнө көңүл бурган Песков : «Россия бул кыйратуучу жер титирөөдөн кийин издөө - куткаруу иштерине активдүү катышканын билесиздер. Бул аракеттер уланатылат»,- деди.
Песков Россиянын жер титирөөдөн жабыркаган Сирияга да гуманитардык жардам көрсөтүүнү уланта тургандыгын айтты.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.