8 күрөшчү куткарылды...

Жер титирөөдө Кахраманмараш муниципалитетинин спортчулары урандылардын астында калган.

1943136
8 күрөшчү куткарылды...

Түркиянын Күрөш федерациясы, Кахраманмараштагы жер титирөөдө урандылардын астында калган күрөшчүлөрдүн 8инин куткарылганын жарыялады.

Билдирүүдө: «Эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн кийин Кахраманмараш муниципалитетинин спортчуларынан урандылардын астында калган балбандарыбыз үчүн куткаруу иштери уланууда. Учурда куткарылган күрөшчүлөрдүн саны 8ге жетти»,-деп кабарланды.



Тектеш кабарлар