Чавушоглу: «Норвегияда Куранды өрттөө уруксаты жокко чыгарылды»

Чавушоглу борбор шаар Анкарада билдирүү жасады.

1941333
Чавушоглу: «Норвегияда Куранды өрттөө уруксаты жокко чыгарылды»

Тышкы иштер министри Чавушоглу, Түркиянын эскертүүсүнөн улам Норвегиянын Куранды өрттөөгө уруксатын жокко чыгарганын кабарлады. 

Чавушоглу борбор шаар Анкарадагы билдирүүсүндө, Швеция жана Данияда сөз эркиндиги деген ат менен Исламга жана Куранга карата акаараттардын уланып жатканын айтып: «Аларга ушундай мамиле жасалса дароо ксенофобия жана башка. Булардын баары туура эмес. Биз буларды туура эмес деп эсептейбиз. Кайсы динде же ишенимде экенине карабастан исламофобияны, анти-христиандыкты жана антисемитизмди адамзатка каршы кылмыш катары көрөбүз»,-деди.

Чавушоглу: «Биз Израилдин кылгандарын акырына чейин сындайбыз, бирок бизде антисемитизм жок. Ал болбошу керек. Биз бул эки рефлексти тең четке кагуудабыз. Улуттук өзгөчөлүгүбүздү жана маданиятыбызды жакшы билип, коргошубуз керек. Биз ата-бабаларыбыз менен сыймыктанабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар