Фахреттин Алтун Илон Маскка чакыруу салды

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «Жасалма интеллект доорунда жалган маалымат менен күрөшүүнүн ыкмалары» программасына катышты.

1937706
Фахреттин Алтун Илон  Маскка чакыруу салды

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун Твиттер социалдык медиа платформасынын ээси Илон Маскка чакыруу салды.

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «Жасалма интеллект доорунда жалган маалымат менен күрөшүүнүн ыкмалары» программасына катышты.

Өткөн күндө Твиттердин Түркиядагы жашыруун цензураларына каршылык көрсөткөн Алтун : "Бул жерден, бул программа аркылуу  Твиттердин жаңы жетекчилигине, урматтуу Илон Маскка кайрылам.  Буга чейин Твиттер аркылуу Түркиянын саясий турмушуна кандай кийлигишүүлөрдүн болгондугун билдириңиз. Урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын, биздин  социалдык медиа эсептерибизге карата кандай жашыруун цензуранын колдонулгандыгын айтыңыз. Түркияга каршыларга, террордук уюмдарга системалуу түрдө берилген үгүттөө мүмкүнчүлүктөрүнүн эмнелер экендигин билдириңиз. Бүткүл дүйнөлүк коомчулук неоколониализм колдонгон гибоиддик ыкмаларды ачык жана так түрдө көрсүн. Сиз айтсаңыз кайрадан социалдык медиа тармактарына ишенели",- деп чакыруу салды.

Дезинформациянын адамзатты коркуткан вируска айланганын баса белгилеген Алтун : "Өз кызыкчылыгы үчүн кызмат кылбаган ар бир өлкөгө, өзүнөн азыктанбаган, өздөрүнө баш ийбеген ар бир лидерге операция жүргүзүүгө көнгөн маалымат каражаттары биз үчүн жараксыз”,-деди.

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы : "Террордук уюмдарды колдоону демократия менен байланыштыргандардын, исламга каршы кол салууну эркиндик менен жаап  - жашырып мыйзамдуу деп эсептегендердин маскалары түштү",- деди. 

 



Тектеш кабарлар