«Зайтун бутагы» операциясынын бешинчи жылында шейиттер эскерилди

Операция жарандар, тарыхый курулуштар жана сыйынуучу жайларга зыян келтирбестен, эл аралык укуктун негизинде жана адам укуктарын сактоо менен аяктады.

1935828
«Зайтун бутагы» операциясынын бешинчи жылында шейиттер эскерилди

Улуттук коргоо министрлиги Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» операциясынын бешинчи жылында шейиттер жана ардагерлерди эскерди.

Улуттук коргоо министрлигинен 2018 -  жыл  20 -  январда башталган операциянын беш жылдыгынан улам берилген маалыматта операцияны ийгиликтүү аткарган түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлеринин эскерилгендиги билдирилди.

Маалыматта : «Өз жандарын ойлобостон өлкөбүздүн жана улутубуздун тынчтыгы менен коопсуздугу үчүн шейит болгон баатырларыбызга Аллахтан ырайым, баатыр ардагерлерибизге да ден соолук, узун өмүр каалайбыз»,- деп айтылды.

Билдирүүдө операция тууралуу маалыматтар орун алган график да бөлүшүлдү. Ушуга караганда «Зайтун бутагы» операциясы мындан мурда жүргүзүлгөн «Евфрат калканы» операциясында шейит болгон 72 аскердин элесине 72 аскердик учактын абадан чабуулу менен башталды.

Операция жарандар, тарыхый курулуштар жана сыйынуучу жайларга зыян келтирбестен, эл аралык укуктун негизинде жана адам укуктарын сактоо менен аяктады.

«Зайтун бутагы» операциясында 7 миң 314 террорист жок кылынып, 2 миң чарчы километр аянт коопсуз абалга келтирилди.



Тектеш кабарлар