Эрдоган Рами китепканасынын ачылышына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ачылышы болгон Рами китепканасын бир гана китепкана эмес, көптөгөн иш-чаралар жасала турган маданий борбор катары да пландагандарын айтты.

1932562
Эрдоган Рами китепканасынын ачылышына катышты
rami kutuphane.jpg
rami kutuphane.jpg
rami kutuphane.jpg
rami kutuphane.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган ачылышы болгон Рами китепканасын бир гана китепкана эмес, көптөгөн иш-чаралар жасала турган маданий борбор катары да пландагандарын айтты.

250 жылдык тарыхы бар Стамбулдагы Рами казармасы бир жарым жылдык реставрация иштеринен кийин китепканага айландырылды.

Стамбулдун эң чоң китепканасы ачылышын президент Эрдоган аткарды. Эрдоган ачылышта сүйлөгөн  сөзүндө Рамини  бир гана китепкана эмес, көптөгөн иштер аткарыла турган маданий борбор катары пландашкандарын белгиледи. 

Рами китепканасынын жуманын ар бир күнү 24 саат бардык китеп сүйүүчүлөргө кызмат кыла турганын айткан  Эрдоган : «Республикабыздын 100 жылдыгын (2023-жыл) 100 жаңы китепкана менен тосуп алуу максатыбызга кадам сайын жакындап келе жатабыз",- деди. 

Президент дүйнөнүн булуң-бурчунан китептерди алып келүү менен Рами китепканасынын эл аралык мүнөзүн бекемдей турганын билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар