Алтун "The National News" гезитине кат жазды

Алтундун каты бүгүн The National News гезитинде жарыяланды.

1932326
Алтун "The National News" гезитине кат жазды

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде глобалдык актерго айланган Түркиянын конструктивдүү жана стабилдештирүүчү кадамдарын уланта турганын билдирди.

Фахреттин Алтун, The National News гезитиндеги "Дүйнөнүн калган бөлүгү Эрдогандын кайра шайлануу аракетине кандай карайт?" деген макаласын сынга алган кат жазды.

Алтундун каты бүгүн The National News гезитинде жарыяланды.

Түркиянын ДЕАШ менен бирге дүйнө тарабынан террордук уюм катары таанылган ПКК жана анын Сириядагы уландысы ЙПГга каршы жүргүзүлгөн террор менен күрөш операцияларында активдүү роль алганын белгилеген Алтун: «Биз бул аймакта турукташтыруучу роль ойноо чечкиндүүлүгүбүздү улантуудабыз»,-деди.

Алтун Эрдогандын, 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда өзгөчө эгин ташуу жана туткун алмашуу боюнча конструктивдүү кадамдары менен маанилүү роль ойногонун эске салды.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуу арызына да токтолгон Алтун, Түркиянын бул өлкөлөрдүн айрым саясаттарын карап чыгышын каалаганын билдирди.

Түркиянын тышкы жана улуттук коопсуздук саясатынын түрк улутунун кызыкчылыктарын чагылдырганын баса белгилеген Алтун: «Президент Эрдогандын жетекчилигинде глобалдык актерго айланган өлкөбүз мындан ары да конструктивдүү жана стабилдештирүүчү кадамдарын улантат»,-деди.

Гезиттин макаласында Түркияда быйыл боло турган шайлоолордун бир гана жергиликтүү мааниге ээ болбостон геосаясий таасири да болот деп туура айтылганын белгилеген Алтун, президент Эрдогандын аймактык жана глобалдык геосаясий аренада да маанилүү актер экенин айтты.

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы: «Чет мамлекеттер эмне деп ойлобосун өлкөбүздүн келечегин шайлоодо добуш бере турган түрк жарандары гана аныктайт»,- деди.



Тектеш кабарлар