Ливия Түркия менен кызматташтыктарын улантат

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн премьерь - министри Абдулхамид Дибейбе өлкөсүнүн Түркия менен экономикалык, саясий жана аскердик тармактарда кызматташтыгынын  сөзсүз түрдө улантылышы керектигин айтты.

1930955

Премьер - министрликтин басма сөз кеңсесинен берилген маалыматка караганда Дибейбе Түркиянын Триполи элчилигинин аскердик атташеси Тевабил Менекшенин кызмат мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу элчи Кенан Йылмазды жана атташенин кызматкерлерин кабыл алды.

«Түркия менен экономикалык, саясий жана аскердик тармактарда кызматташуу сөзсүз түрдө улантылат»,-деген Дибейбе Менекшеге  кызматташтыгынан улам  ыраазычылык билдирди. Түркия мененЛивиянын ортосунда күчтүү тарыхый байланыштардан тышкары коопсуздук, аскердик жана экономикалык тармактарда да көптөгөн келишимдер бар.

Тектеш кабарлар