Мустафа Шентоп парламент спикерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө

Шентоп Түркмөнстан Улуттук кеңешинин төрайымы Гүлшат Мамедова менен жолугушту.

1930555
Мустафа Шентоп парламент спикерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө
Muhsin Ali Ekber El Mendelavi-Sentop.jpg
Sentop-Muhammed Bager Galibaf.jpg
Zorlu Tore-Sentop.jpg
Sentop-Gulsat Mammedova.jpg

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Антальяда өткөн  Азия Парламенттик Ассамблеясынын  13 -  жалпы жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Шентоп Түркмөнстан Улуттук кеңешинин төрайымы Гүлшат Мамедова менен жолугушту.

Түркия менен Түркмөнстандын тарыхы, тили, дини жана маданияты орток эки боордош өлкө экенине көңүл бурган Шентоп боордош элдердин өкүлү болгон парламенттердин ортосундагы байланыштардын да табигый түрдө  элдери сыяктуу жакын болушу керектигин баса белгиледи. Шентоп Түркия Улуу Улуттук Парламенти менен Халк Маслахатынын ортосунда кол коюлган түшүнүшүү меморандумунун кызматташтыкка чоң салым кошо турганын айтып . "Түрк дүйнөсү катары биримдик жана тилектештик ичинде кыймыл кылуубуздун, азыр болгондой эле келесчекте да тынчтык, туруктуулук жана бейпилдигибиздин  кепилдиги деп ойлойбуз",- деди. 

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Республика парламентинин спикери Зорлу Төре менен да жолугушкан Шентоп Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түркия үчүн ар дайым  өзүнчө орду бар экендигин белгилеп : "Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ар тараптан бутуна тура ала турган, эл аралык коомчулуктун таанымал жана сыйлуу бир мүчөсү кылуу үчүн бардык күчүбүз менен иштөөнү улантып жатабыз»,-деди. 

Шентоп, Иран Ислам Кеңешинин Төрагасы Мухаммед Багер Галибаф менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн карым-катнаштарынын бардык тармакта жакшырышын каалады.

Орток кызыкчылыктардын алкагында эки тараптуу жана аймактык карым - катнаштардын өнүктүрүлүшүнө маани беришкендерин баса белгилеген Шентоп Түркиянын коңшуларынын коопсуздугуна жана ырааттуулугуна ар дайым маани бергенин баса белгиледи.

Террор менен күрөшүүдө эки өлкөнүн кызматташтыгынын өркүндөтүлүшү керектигин баса белгилеген Шентоп: «Аймагыбыздагы террордук уюмдардын толук жок кылынышы үчүн комплекстүү стратегияларды иштеп чыгышыбыз керек»,-деп билдирди. 

Шентоп Ирактын Өкүлдөр палатасынын төрага орун басары Мухсин Али Экбер Аль Менделави менен да жолугушту. Шентоп жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгынын аймакта ырааттуулук менен тынчтыктын орношу жана сакталышы үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Шентоп Иракта жикчил террордук уюм ПККнын бар экенине көңүлдөрдү буруп, Ирактын эгемендигин бузган ПККны террордук уюм катары таануусу жана бул террордук уюм менен өз Конституциясына ылайык күрөшүүсү керектигин айтты.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар