Түркия Сомалидеги кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1928140
Түркия Сомалидеги кол салууну айыптады

Түркия Сомалинин Хиран аймагындагы Махас шаарынын борборунда болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кол салууда көп сандаган кишинин каза болушу жана жаралануусунун терең кайгыга салганы белгиленди.

Түркиянын террорго каршы күрөштө Сомалиге колдоо көрсөтүүнү уланта турганы айтылган билдирүүдө: «Бул мыкаачылык террордук кол салууну эң катуу түрдө айыптайбыз, каза болгондорго Аллахтан ырайым тилеп, алардын жакындарына, досторуна жана бир туугандарына, Сомали элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз, жарадар болгондордун тез сакайып кетишин каалайбыз»,-деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө жаракат алгандардын айрымдарынын Могадишодогу "Режеп Таййип Эрдоган" билим берүү жана изилдөө ооруканасында дарылануусунун уланып жатканы маалымдалды.



Тектеш кабарлар