Шентоптон Пакистанга ыраазычылык...

Бул тууралуу Мустафа Шентоп социалдык медиа баракчасынан билдирди.

1928136
Шентоптон Пакистанга ыраазычылык...

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Пакистан Сенатынын президент Режеп Таййип Эрдоганды Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөткөнү үчүн Сенаттын төрагасы Мухаммед Садык Санжраниге ыраазычылык билдирди.

Мустафа Шентоп социалдык медиа баракчасында Мухаммед Садык Санжранинин Норвегиянын Нобель комитетине жазган катынан үзүндү келтирип, англис тилинде: «Урматтуу төрага, сиздин Түркиянын чыныгы досу экениңизди көрүп, билебиз»,- деди.

Шентоп президент Эрдогандын Нобель Тынчтык сыйлыгына талапкер болуу үчүн 28-декабрда арыз бергенин белгилеп:«Менин арызым бар, ар кайсы өлкөдөн парламент төрагалары, депутаттар да кайрылышат»,-деп билдирүү жасаган болчу.



Тектеш кабарлар