Террор менен күрөштө 2022-жылдын көрсөткүчтөрү

Министр Сойлу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1927550
Террор менен күрөштө 2022-жылдын көрсөткүчтөрү

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, өткөн жылы 130 миң 981 элет жерине жүргүзүлгөн операцияда 129 террористтин жок кылынганын билдирди.

Министр Сойлу социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Террор менен күрөшүбүз үзгүлтүксүз улантат. Аллахтын уруксаты менен Республикабыздын 100 жылдыгында чек араларыбыздагы тоолордо бир дагы террорист калбайт»-деди.

Билдирүүдө орун берилген маалыматка караганда 578и чоң жана орто деңгээлдеги 130 миң 981 элет операциясы жүргүзүлүп, 107си өлү, 22си тирүү жалпы 129 террорист жок кылынды.

Операцияларда 1190 бункер жана баш калкалоочу жай талкаланып, көптөгөн курал-жарак, азык-түлүк/тиричилик буюмдары колго түшүрүлдү.

Террордон изделгендердин тизмесинде жогорку даражалуу делген 87 террорист, анын ичинен кызыл категориядан 2, көк категориядан 4,  жашыл категориядан 5, сары категориядан 19, боз категориядан 27, ошондой эле тизмеге кирбеген 30 террорист жок кылынды.  Министр Сойлу бөлүшкөн маалыматка караганда өлкөдөгү террористтердин саны 120нын астына төмөндөдү.

Террордук окуялар болсо мурунку жылга салыштырмалуу 21 пайызга азайды. Мындан тышкары жикчил террордук уюм ПККнын 125 мүчөсү 2022-жылы ынандыруу жолу менен багынып берди.

Ички иштер министри Сойлу борбор шаар Анкарада министрликте өткөрүлгөн маалымат жыйынында да былтыркы жылы 87си түрдүү террордук уюмдарга мүчө 1220 террористтин жок кылынганын билдирди.

Сойлу ошондой эле өткөн жылы 18и жанкечтилик жардыруу аракети болгон 185 террордук кыймылдын алдын алганын кабарлады.

Мыйзамсыз миграция менен күрөшкө да токтолгон Сойлу, 49 миң 518и деңизде жалпы 285 миң 27 мыйзамсыз мигранттын кармалганын айтты.



Тектеш кабарлар