Чавушоглу Пеленин жаназа зыйнатына катышат

Бул тууралуу дипломатиялык булактардан маалымат берилди.

1926342
Чавушоглу Пеленин жаназа зыйнатына катышат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бразилияда президенттик кызматка киришкен Луис Инасио Лула да Силванын ант берүү аземине катышты.

Чавушоглу Твиттер баракчасынан Луланын ант берүү аземине катышкан жана аны куттуктаган сүрөттөрдү бөлүштү.

Министр Чавушоглу бөлүшүүсүндө: «Бразилиянын жаңы президенти Лула да Силванын ант берүү аземине катыштык. Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын куттуктоосун жана жакшы каалоолорун айттык»,- деди.

Бир тараптан Чавушоглу азем үчүн Бразилияга барган Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Украинанын вице-премьер-министри Юлия Свириденко менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө 2023-жылдын биринчи эки тараптуу жолугушуусун Украинанын вице-премьер-министри Свириденко менен өткөргөнүн, Түркиянын гуманитардык жардамдарын жана Стамбул дан келишимин сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Чавушоглу Штайнмайер менен жолугушуусуна байланыштуу: «Президентибиздин саламын Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге жеткирдик. Биз Сирия жана НАТОнун кеңейүү маселесин талкууладык»,-деп айтты.

Бир тараптан дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда президент Режеп Таййип Эрдоган, Бразилиянын жаңы шайланган президенти Луис Инасио Лула да Силванын ант берүү аземине Түркиянын атынан катышкан министр Чавушоглуга Пеленин жаназасына да катышууну тапшырды.

Чавушоглу бүгүн Сантосто Пеле үчүн боло турган жаназа зыйнатына катышат.

Пеле аты менен таанымал футболчу, футбол тарыхында укмуштуудай ийгиликке жетишкен Эдсон Арантес до Насименту 29-декабрда Сан-Паулуда дарыланып жаткан ооруканада каза болду.



Тектеш кабарлар