Коргонуу өнөр жайынын аткаруу комитетинин чечимдери

Кечээ борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйыны өткөрүлдү.

1921701
Коргонуу өнөр жайынын аткаруу комитетинин чечимдери

Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйналышында Түркиянын абадан коргонуусун күчтөндүрүү максатында Сипер, Хисар жана Сунгур системаларынын жаңы сериялык өндүрүшү үчүн чечимдер кабыл алынды.

Кечээ борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында Түрк куралдуу күчтөрү  колдонгон ички жана улуттук системаларга жаңы системалардын кошулушуна байланыштуу маселелер каралды. 25 түрдүү долбоор боюнча чечим кабыл алынды.

Абадан коргонууну чыңдоо үчүн ; Сипер, Хисар жана Сунгур системаларынын жаңы массалык өндүрүшү боюнча чечимдер кабыл алынды. Тайфун, Атмача, TRLG-230, Караок, Гөкдоган жана Боздоган ракеталарынан тышкары Акя торпедосу жана ар түрдүү платформалар үчүн түрдүү ок - дарылардын сериялык түрдө чыгарылышына байланыштуу чечимдер чыгарылды.

Мындан тышкары, Милгем (Улуттук кеме) долбоорунун алкагында курула турган кемелерди (i-класс фрегаттары) жеткирүү чечими кабыл алынды.

Абада 5 саат учуу менен биирнчи сынагынан ийгиликтүү өткөн учкучсуз реактивдүү аскердик учагы Кызылелманын акыркы келген юерине баа берилди, учкучсуз учуучу аппараттарга жаңы жөндөмдүүлүктөрдү киргизүү жагдайлары каралды.

Ф - 16 согуштук учактарынын модернизациясына жаңыларын кошуу, жаңы электрондук согуш жана радар системалары, ар кандай аба, кургактык жана деңиз платформалары, байланыш жана маалымат системалары, жабдуулар жана симуляция, логистика жана кибер коопсуздук сыяктуу тармактарга арналган ар кандай долбоорлор тууралуу да чечим чыгарылды.



Тектеш кабарлар