Йемен Түркияга ыраазы

Министр Мубарек сапарынын алдында Анадолу агенттигине билдирүү жасады.

1922056
Йемен Түркияга ыраазы

Йемендин тышкы иштер министри Ахмед Авад бин Мубарек, Түркиянын Йемен элине көрсөткөн колдоосуна ыраазы экендерин жана Түркия менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалагандарын айтты.

Бүгүн Түркияга келиши күтүлүп жаткан Йемендин тышкы иштер министри Бин Мубарек сапарынын алдында Анадолу агенттигине билдирүү жасап, Иран колдогон хуси топторун эл аралык чечимдерге баш ийүүгө чакырды.

Түркиянын Йемен элине көрсөткөн колдоосуна токтолгон Мубарек: "Түркиянын Йемендин жанында болуп йемендиктерге колдоо көрсөтүүсүн жана кабыл алуусун кубаттайбыз",-деди. 

Түркия менен карым-катнаштарды жакшыртууну максат кылышкандарын белгилеген йемендик министр: "Сапарымда кызматташуу темаларын, өзгөчө өнүктүрүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана гуманитардык жардамды талкуулайбыз»,-деди. 

Йемендин тышкы иштер министри Бин Мубаректин сапары 24-декабрга чейин уланат.

Йеменде 7 жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан жарандык согушта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) демилгеси менен апрель айында жетишилген ок атышпоо 2-октябрда аяктаган болчу.  



Тектеш кабарлар