Алтундан дүйнөгө "нөл калдык" билдирүүсү

Алтун Катардагы Aljazeera телеканалына маалымат берди.

1920857
Алтундан дүйнөгө "нөл калдык" билдирүүсү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, жоопкерчиликтүү жана аң-сезимдүү керектөөнүн глобалдык климаттын өзгөрүшүнө каршы олуттуу стратегиянын бир бөлүгү болушу керектигин баса белгилеп: «Биздин лидерлер өз милдетин аткарып жатышат, дүйнөнүн берки лидерлери да ошондой кылышы керек»,- деди.

Алтун Катардагы Aljazeera телеканалына маалымат берди.

Климаттын өзгөрүүсү адамзатка алып келген чоң кыйынчылыктар менен күрөшүү темасында Түркиянын эл аралык аренада жүргүзүлгөн бардык аракеттерге оң салым кошконуна басым жасаган Алтун, Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде маанилүү климат келишимдерине кол коюлушу менен бирге түрк улутуна кылганындай Европа үчүн да энергия ресурстарын диверсификациялоо аракетин жетектеп жатканын маалымдады. 

Президент Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын 2017-жылдан бери таштандысыз калдык үчүн улуттук мобилизацияга лидерлик кылганын баса белгилеген Алтун, Түркиянын лидерлиги жана демилгеси менен глобалдык нөл калдык иш-аракетинин лидери болгонун билдирип: «Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган нөл калдык резолюциясы, БУУ тарабынан кабыл алынган туруктуу өнүгүү максаттарына берилгендигибиздеги маанилүү этап болуп саналат»,-деди.

Түркиянын узак убакыттан бери климаттык кризистин чындыгын жана ага каршы чукул чара көрүү зарылдыгын билип турганын белгилеген Алтун: «Салттарыбыз жана маданиятыбыз бизге ар дайым ресурстарды ысырап кылуу жана дүйнөнү мурас алгандан дагы да жаман абалда калтыруу келечек муундарга жасалган адилетсиздик экенин үйрөтүп келет»,-деп айтты.

Жоопкерчиликтүү жана аң-сезимдүү керектөөнүн глобалдык климаттын өзгөрүшүнө каршы олуттуу стратегиянын бир бөлүгү болушу керектигин баса белгилеген Алтун: «Биздин лидерлер өз милдетин аткарып жатышат, дүйнөнүн берки лидерлери да ошондой кылышы керек», - деди.



Тектеш кабарлар