Хулуси Акар : "Террордук уюмунда кыйроо башталды"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар эч кимдин Түркиянын чек арасына уялаган террористтерге сабырдуулук көрсөтүүсүн күтпөшү керектигин айтты.

1917159
Хулуси Акар : "Террордук уюмунда кыйроо башталды"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар эч кимдин Түркиянын чек арасына уялаган террористтерге сабырдуулук көрсөтүүсүн күтпөшү керектигин айтты.

Акар Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында уланып жаткан бюджеттик талкууда сөз сүйлөдү.

Террор менен күрөшүүгө токтолгон Акар : «2015 -жыл 24 -июлдан бери өлкө ичинде, Ирак жана Сириянын түндүгүндө жалпы 37 миң, бир гана бул жылдын башынан бери 4 миңге жакын террорист жок кылынды»,- деди.

Бардык террордук уюмдарга каршы күрөштүн чечкиндүүлүк менен улантылып жаткандыгын айткан Акар : «Аткарылган бардык операцияларыбыз БУУнун  Уставынын 51 – беренесинде көрсөтүлгөн өзүн - өзү коргоо укугунун алкагында, эл аралык мыйзамга ылайык, коңшуларыбыздын жеринин бүтүндүгү, эгемендик укуктарына сый көрсөтүү менен  жана бир гана террордук элементтерди бутага алуу, диний жана этникалык тегине карабастан күнөөсүз  адамдарды, тарыхый, диний, маданий түзүлүштөр, жарандык инфраструктура жана коалиция элементтеринин коопсуздугу менен коргонуусуна эч бир армия көрсөтпөгөн кылдаттык жана жоопкерчилик менен аткарылууда»,- деди.  

Акар түрк куралдуу күчтөрүнүн бутасынын бир гана террористтер экендигин айтып : «Террористтер кай жерде болсо бутабыз ошол жер. ЙПГ/ПЙД дагы ПКК менен бирдей. Аттары эмне болсо болсун ким колдосо колдосун, өлкөбүздү жана элибизди террор балээсинен куткарууда чечкиндүүбүз»,- деди.

Улуттук коргоо министри ПКК/ЙПГ террордук уюмунун кыйроосунун ылдамдагандыгын, барган сайын багынуулардын көбөйүп жаткандыгын, кыйроонун террор башчыларынын билдирүүлөрүнө да чагылгандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар