Болгариянын президенти Түркияга келет

Президент Эрдоган Стамбулда Болгариянын президенти Радев менен жолугушат.

1916667
Болгариянын президенти Түркияга келет

Болгариянын президенти Румен Радев президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн Түркияга келет.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, президент Эрдоган Стамбулда Болгариянын президенти Радев менен жолугушат.

Вахдеттин сарайында боло турган жолугушууларда Түркия менен Болгариянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар кеңири каралып, кызматташтыкты жакшыртуу үчүн таштала турган кадамдар талкууланат.

Жолугушууларда учурдагы, аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашылышы да күтүлүүдө.

Жолугушуудан кийин кесиптеши менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрө турган Эрдоган, Радевдин урматына кечки сый тамак берет.



Тектеш кабарлар