Эрдоган Анкарадагы жыйында сөз сүйлөдү

Президент, айланасында саясий жана гуманитардык кризистер күчөп турганда Түркиянын өз келечегине ишеним жана ырааттуулук менен карай алганын белгиледи.

1915482
Эрдоган Анкарадагы жыйында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, азыр саясатта, экономикада, дипломатиялык жана аскердик стратегияларда өз алдынча чечим чыгарган, өз инфраструктурасын түзгөн жана өз максаттарын өзү белгилеген Түркия бар экенин белгиледи.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Түркия иш берүүчүлөр профсоюздары конфедерациясынын жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.

Акыркы 20 жылдын ичинде ишке ашырышкан демократия жана өнүгүүгө карата кадамдарынын жашоонун бардык тармактарындай эле экономикада да тарыхый өзгөрүүлөргө алып келгенин баса белгилеген Эрдоган: «Улуттук кирешенин сатып алуу паритети боюнча биз 11-орунга көтөрүлдүк. Бирок биз муну жетишсиз деп эсептейбиз. Буюрса экономикалык программабызды ийгиликтүү ишке ашырып, глобалдык кризистерди мүмкүнчүлүккө айлантуу менен биргелешип аракет кылып, өлкөбүздү дүйнөнүн алдыңкы 10 экономикасынын катарына кошобуз»,- деди.

Азыр саясатта, экономикада, дипломатиялык жана аскердик стратегияларда өз алдынча чечим чыгарган, өз инфраструктурасын түзгөн жана өз максаттарын өзү белгилеген Түркия бар экенин билдирген Эрдоган: «Бүгүнкү күндө биз өлкө катары Балкандардан Африкага, Борбор Азиядан Түштүк Азияга чейин кеңири аймакта таасирге ээ болгон, маектештерибиз менен чыныгы мамилелерди түзө турган абалга келдик»,-деп айтты.

Президент, айланасында саясий жана гуманитардык кризистер күчөп турганда Түркиянын өз келечегине ишеним жана ырааттуулук менен карай алганын белгиледи.



Тектеш кабарлар