Акардын түрк жана азербайжан аскерлерине кайрылуусу

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана Азербайжандагы күч командирлери менен «Бир тууган муштуму» Азербайжан-Түркия биргелешкен машыгуусунун «Ардактуу байкоочу күнү» иш-чараларын байкады.

1915379
Акардын түрк жана азербайжан аскерлерине кайрылуусу
turk-azerbaycan.jpg
hulusi akar turk azerbaycan.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана Азербайжандагы күч командирлери менен «Бир тууган муштуму» Азербайжан-Түркия биргелешкен машыгуусунун «Ардактуу байкоочу күнү» иш-чараларын байкады.

Пирекешкул машыгуу аянтында Азербайжандын коргоо министри генерал Закир Хасанов менен жүргүзгөн иш-аракетинен кийин эки армиянын кызматкерлерине кайрылган министр Акар: «Түркия менен Азербайжан эки чыныгы бир тууган өлкө. Алар ар кандай коркутууларга жана коркунучтарга каршы кайгыда да, кубанычта да бирге. Бүткүл дүйнө биздин арабыздагы бир туугандыктын эң сонун үлгүсүн Армения 30 жыл оккупациялап турган өз жерлериңерди бошоткон «Бир Мекен операциясы» учурунда дагы бир жолу көрдү жана түшүндү»,-деди.

Акар:«Бир нече инсандар жана эл аралык уюмдар, өзгөчө Европа Биримдиги (ЕБ) көп жылдар бою кыргындар болуп жатканда да пассивдүү жана унчукпай туруп, проблемаларды кудуретсиздикке айыптап, Азербайжандын жеңишинен кийин шашылыш түрдө Арменияны коргоо мотиви менен ар кандай элементтерди жана делегацияларды жөнөтө башташты.Бирок Түркиянын ар дайым Азербайжандын жанында экенин эч ким унутпасын. Дагы бир жолу баса белгилей кетким келет, «эки мамлекет, бир улут» түшүнүгүндө мамилебиз болгон Азербайжан менен керек болгон учурда бир армия, бир күч, бир муштум болууну билебиз. Түркия жана Азарбайжанга карай провокациянын кайдан же кимден келсе да эки өлкөгө каршы багытталганын кабыл алабыз. Биз досубузду чогуу дос катары көрөбүз, душманыбызды чогуу душман деп эсептейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар