ПКК/ЙПГ Каркамышка кол салды

Террористтер аткан снаряддар Каркамыш чек ара капкасынын жанындагы орто мектеп, эки үй жана жүк ташуучу унаага тийди.

1908988
ПКК/ЙПГ Каркамышка кол салды

Сириянын Айн Эль Араб (Кобани) аймагындагы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө террористтер тарабынан Газиантептин Каркамыш районуна жасалган кол салууда 3 кишинин каза болгону, 10 кишинин жараланганы маалымдалды.

Газиантептин Каркамыш районуна ПКК/ЙПГ террористтери тарабынан Сириянын Айн Эль Араб аймагына кол салуу жасалды.

Террористтер аткан снаряддар Каркамыш чек ара капкасынын жанындагы орто мектеп, эки үй жана жүк ташуучу унаага тийди.

Аймакка коопсуздук күчтөрү жана тез жардам унаалары жөнөтүлдү.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу: «Каркамыштагы снаряддык кол салуунун себебинен 3 жараныбыз каза болду. Каза болгондордун бири мугалим, экинчиси окуучу. 10 жараныбыз жабыркады»,-деп билдирди

Министр Сойлу: «Улутубузга муну айткыбыз келет, террордук уюм чоң жоготууларга учураган кечээки операциядан кийин (Ирак жана Сириянын түндүгүнө карай жүргүзүлгөн Чеңгел-кылыч аба операциясы) буга карата эң күчтүү жооп кайтарылат жана керектүү кадамдар жасалат. Чек аранын ичиндеги жана тышындагы террордук уюмдарга жашоого мүмкүнчүлүк берилбейт»,- деди.

Газиантептин губернатору Давут Гүл аймакка 5 минометтун огу тийгенин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар