Херсондон келген ахыска түрктөрү Түркияга кирди

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Тышкы иштер министрлиги жана Түркиянын Москвадагы элчилигинин демилгелери менен Херсондон чыгарылган 84 ахыскалык түрк Орусиядан чыгып Грузияга келди.

1908306
Херсондон келген ахыска түрктөрү Түркияга кирди

Орусия менен согуш уланып жаткан Украинанын Херсон шаарында жашаган 88 ахыска түркү Сарп чек ара капкасынан Түркияга келди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Тышкы иштер министрлиги жана Түркиянын Москвадагы элчилигинин демилгелери менен Херсондон чыгарылган 84 ахыскалык түрк Орусиядан чыгып Грузияга келди.

Жол тартуу учурунда 84 ахыска түркүнө Орусияга өткөн 4 ахыска түркү дагы кошулуп, жалпы жүргүнчү саны 88ге жетти.

Грузиядан кеткен Ахыска түрктөрүн Сарп чек ара дарбазасында Хопа районунун акими жана Сарп жарандык административдик жооптуусу Гүркан Үчүнчү, Бажы жана тышкы соода аймактык директору Режеп Билгин жана Артвин облустук миграция башкармалыгынын директору Эмре Жанполат гүлдөр жана түрк желектери менен тосуп алышты.

Бул жерде коноктолгон Ахыска түрктөрүнүн кийинчерээк авто жолу менен Элазыгка көчүшү күтүлүүдө.

Көпчүлүгү кары-картаңдар жана балдар болгон 88 апхыскалык түрк Орусия аркылуу Түркияга келүү үчүн 31-октябрда Херсондон жолго чыгышкан.

 

 



Тектеш кабарлар