"Анадолу" амфибиялык кемесине тик учак конду

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, LHD Анадолу кемесине конгон тик учактардын фотосүрөт жана видеолору бөлүшүлдү.

1908043
"Анадолу" амфибиялык кемесине тик учак конду

Деңиз күчтөрү командирлигине таандык AH-1W Super Cobra жана SH-70 Sea Hawk тик учарлары көп максаттуу LHD Анадолу амфибиялык кемесине биринчи конуусун ишке ашырып жайгашууну бүтүрүштү.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, LHD Анадолу кемесине конгон тик учактардын фотосүрөт жана видеолору бөлүшүлдү.

Билдирүүдө төмөнкү сөздөр камтылды: «Биз бүгүнкү күндү элибиз сыймыктана турган фотосүрөттөр менен баштагыбыз келди. Фотосүрөттөрдө көрүнүп тургандай AH-1W Super Cobra жана SH-70 Sea Hawk тик учарлары көп максаттуу LHD Анадолу амфибиялык кемесине биринчи конуусун ишке ашырып жайгашышты. Ишке киришин чыдамсыздык менен күтүп жаткан LHD ANADOLU кемесинде кызмат кыла турган аба элементтерибизге коопсуз учуу жана ийгиликтүү миссияларды каалайбыз».


Этикеткалар: #LHD Анадолу кемесине

Тектеш кабарлар