Түркия менен Парагвайдын ортосундагы кызматташтык

Түркия-Парагвай туризм кызматташтыгы келишимине кол коюлду.

1903847
Түркия менен Парагвайдын ортосундагы кызматташтык

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен Парагвайдын туризм министри София Монтиел де Афара «Түркия-Парагвай туризм кызматташтыгы келишимине» кол коюшту.

Маданият жана туризм министри Эрсой борбор шаар Анкарадагы министрликтин жыйындар залында өткөрүлгөн кол коюу аземинде сөз сүйлөп, кол коюлган тексттин негизги максатынын эки өлкөнүн бай туризм тажрыйбаларын бөлүшүү экенин маалымдады.

Парагвайдын министри Афаранын өз өлкөсүндөгү телеканалдарда көптөгөн түрк сериалдарынын көрсөтүлгөнүн айтканын белгилеген Эрсой, ташталган кадамдардын жана пайда болгон жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн Парагвай менен акыркы жылдардагы эки тараптуу карым- катнаштарды дагы да арттыра турганын билдирди.

Парагвайдын туризм министри Афара болсо кол коюлган кызматташтыктын туризм аркылуу экономикалык өсүүнү, айлана-чөйрөнү коргоону жана эки элдин ортосундагы мамилелерди шыктандырарын айтты.



Тектеш кабарлар