Фахреттин Алтун «Апаат байланыш семинарына» катышты

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун чоң толкундануу менен даярдалган «Түркия кылымынын» ошол эле учурда коммуникация кылымы» болуу максатында иштешкендерин айтты.

1900508
Фахреттин Алтун  «Апаат байланыш семинарына» катышты

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун чоң толкундануу менен даярдалган «Түркия кылымынын» ошол эле учурда коммуникация кылымы» болуу максатында иштешкендерин айтты.

Алтун борбор шаар Анкарада «Апаат байланыш семинарына» катышты.

Коммуникациянын көз карандысыз саясат аймагына айланганын баса белгилеген Алтун президент Режеп Таййип Эрдогандын да бул тармакка ар дайым чоң маани бергенин белгиледи.

Коммуникация башкармалыгынын президент Эрдогандын көзкарашынын алкагында курулган биринчи күндөн тарта (2018 – жыл 24 -  июль) болгон күчү менен Түркиянын стратегиялык байланыш саясаттарынын өнүктүрүлүшү, ишке ашырылышы жана координацияланышы үчүн иштеп жатканын айткан Алтун : «Чоң толкундануу менен даярдаган «Түркия кылымын» ошол эле учурда  «коммуникация кылымы» кылуу максатынын негизинде болгон күчүбүз менен иштеп жатабыз»,- деди.

Коммуникация саясаттарын институтташтыруу аракеттеринин артында олуттуу стратегиялык кыл күчү, түшүнүү жана жол картасы бар экенин белгилеген Алтун : "Бул стратегиялык кыял күчүн жана түшүнүктү улутубуздун жана мамлекеттик салтыбыздын терең мурастарынан азыктанган "Түркия коммуникация модели" деп атап жатабыз. Түрк коммуникация модели стратегиялык байланышка тиешелүү бардык темаларды мамлекеттин талкуу биримдигинен коомдук дипломатияга, кризисти башкаруудан жалган маалымат менен күрөшүүгө чейин камтыйт»,- деди.

Өзгөчө президент Эрдоган тарабынан чоң көрөгөчтүк менен түзүлгөн Кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) Интегралдык апааттарды башкаруу менен дүйнө жүзү боюнча үлгү болгон бир моделди ортого салганына көңүл бурган Алтун : «Биз бул модель менен сыймыктанабыз. Ушундайча  мамлекетибиз кырсык болгон аймактарда издөө - куткаруудан баштап, баш калкалоочу жайлардын инфраструктурасына чейинки бардык муктаждыктарга тез, натыйжалуу жана комплекстүү түрдө жардам бере алды. Мамлекетибиз ар бир кырсыктан кийин бардык ресурстарын мобилизациялады»,- деди.  

Апаат учурунда системалуу жана уюшкан дезинформация, манипуляция жана кара үгүт иштеринин күчөшү мүмкүн экенин белгилеген Алтун коммуникация башкармалыгынын мындай процесстерде чындыкты ачыкка чыгарганын белгиледи.



Тектеш кабарлар