Түркия Индияга көңүл айтты

Гуджарат штатынын Морби шаарындагы асма көпүрө кыйрап адамдар Маччу дарыясына түшүп кеткен.

1900065
Түркия Индияга көңүл айтты

Түркия Индияда асма көпүрөнүн кыйрашынан улам каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, кечээ Индиянын Гуджарат штатында көпүрөнүн кулашынын натыйжасында көп сандаган кишинин каза болушу жана жаракат алышынын терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө «Индиянын эли менен өкмөтүнө жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,-деп айтылды.

Гуджарат штатынын Морби шаарындагы асма көпүрө кыйрап адамдар Маччу дарыясына түшүп кеткен.

Индия басма сөзү, каза болгондордун санынын 141ге жеткенин кабарлаган.



Тектеш кабарлар