Түркия Улуттук Парламентинин спикери куттуктоо жарыялады
Мустафа Шентоп куттуктоосунда : "Республиканын 99 жылдыгы менен сыймыктанып жатабыз",- деди.
1899346
29 - Октябрь Республика майрамынын 99 - жылы куттуктоолор менен улантылууда.
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп куттуктоосунда : "Республиканын 99 жылдыгы менен сыймыктанып жатабыз",- деди.
Вице - президент Фуат Октай да : "Ата бабанын мурасына ээ чыгып, ишенимдүү кадамдар менен Республиканын 100 - жылына карай баратабыз",- десе Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик куттуктоосунда : "Республикабыз жаңы кылымды кучактоого даяр. Түркия кылымы ишенимдин жана жаңы кыйырлардын кылымы",- деди.