Эрдоган Республика майрамына карата куттуктоо жарыялады

29 -  Октябрь Республика майрамы менен куттуктаган Эрдоган өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө майрамдык кубанычты бөлүшкөндөргө ыраазычылык билдирди.

1899270
Эрдоган Республика майрамына карата куттуктоо жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган 29 - Октябрь Республика майрамына карата куттуктоо  жарыялады.

Түркиянын 81 облусундагы ар бир адамдын жана дүйнөнүн төрт бурчундагы миллиондогон жарандарды 29 -  Октябрь Республика майрамы менен куттуктаган Эрдоган өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө майрамдык кубанычты бөлүшкөндөргө ыраазычылык билдирди.

Түркия Республикасынын куруучусу Гази Мустафа Кемал менен боштондук күрөшүн жеңишке алып келген баатырларды эскерген президент Эрдоган мындан 99 жыл мурда абдан кыйын шарттарда курулган Түркия Республикасын «азыркы цивилизациялардын деңгээлинен жогору чыгаруу» үчүн үзгүлтүксүз иштегендерин баса белгилеп буларды айтты : «Түркияны демократиясы үлгү болгон, экономикасына көңүл бурулган, дипломатиясына чоң кызыгуу болгон, боордоштугун күчтүү түрдө сактаган өлкөгө айландырдык. Глобалдык белгисиздиктер күч алган бир мезгилде тынчтыкты, туруктуулукту жана адилеттикти түзүү аракеттерибиз баары тарабынан кабыл алынууда.

Сириядагы адамзаттык трагедиянын акырына чыгышынан, Россия  - Украина кризисинин чечилишине чейин демилгечи жана адамзаттык тышкы саясатыбыз менен айланабызда тынчтык жана бакубаттык муунун түзүүгө аракет кылуудабыз».

Президент Эрдоган улуттук кирешесине салыштырмалуу эң көп гуманитардык жардам берген өлкө катары кайда эзилген, жапа чеккен жана жардамга муктаж бар болсо тегине, динине, айырмачылыктарына карабастан жардам бергендерин билдирди.

29 -  Октябрь Республика майрамы менен куттуктаган, тынчтык жана бакубатчылык каалаган Эрдоган : «Шейиттерибиз тынч жатсын. Республикабыздын 99 -  жылы куттуу болсун»,- деди.



Тектеш кабарлар