Түркия Ирактын жаңы өкмөтүн колдойт

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1898827
Түркия Ирактын жаңы өкмөтүн колдойт

Түркия Иракта Мухаммед Шия аль-Судани жетектеген өкмөттүн ишеним добушун алганына канааттанганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Иракта жаңы өкмөттүн Өкүлдөр палатасынын ишеним добушун алып ишке киришүүсүнүн жылуу кабыл алынганы жана премьер-министр Мухаммед Шия Аль-Суданинин бул маанилүү кызматына ийгиликтер кааланганы белгиленди.

Билдирүүдө ошондой эле Түркиянын Ирак менен кызматташтыгын улантууга даяр экени да айтылып төмөнкүлөргө көңүл бурулду:

«Жаңы өкмөт инклюзивдүү мамиле менен Ирак элинин үмүтүн актап, Ирактын тынчтыгын, ырааттуулугун жана гүлдөп өнүгүүсүн бекемдөө үчүн кадам таштайт деп ишенебиз. Түркия мурдагыдай эле өз ара сезимталдыктарды жана орток кызыкчылыктарды урматтоонун негизинде жаңы өкмөт менен да ар тармакта кызматташтыгын улантууга даяр».



Тектеш кабарлар