Түркиянын ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмга каршы операцияларын сынга алууларга жообу
Элчи Синирлиоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сирия сессиясында сүйлөгөн сөзүндө ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмунун Сириянын жеринин бүтүндүгүнө гана эмес, Түркиянын улуттук коопсуздугуна да коркунуч туудурганын айтты.
Түркиянын Бириккен Уулуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу, Түркиянын ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмга каршы операцияларын сынга алууларга карата:«Бул террордук уюмду дагы эле колдогондордон же Түркиянын бул террордук/бөлүүчү коркунучту жок кылуу чечкиндүүлүгүнө «тынчсыздангандардан» сурап жатам: Качанкыга чейин бул террордук уюмдун кылмыштарын көрмөксөнгө саласыңар?»-деп менен жооп берди.
Элчи Синирлиоглу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Сирия сессиясында сүйлөгөн сөзүндө ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмунун Сириянын жеринин бүтүндүгүнө гана эмес, Түркиянын улуттук коопсуздугуна да коркунуч туудурганын айтты.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Орусия менен 2019-жылдын октябрь айында жетишилген келишимдин ушул убакка чейин толук аткарылбаганын баса белгилеген Синирлиоглу:«Тел Рыфат жана Манбижден тышкары чек арабыздан 30 километр кеңдиктеги аймак террордук элементтерден тазаланган жок. ПКК/ЙПГ жана жалган (Сирия Демократиялык Күчтөрү) СДК, айрымдары тарабынан ДЕАШ менен согушуп жатабыз деген шылтоо менен адаштырылып жатат. Чындыгында ПКК/ЙПГ/СДК Сириянын жарандарына кол салууга жана ДЕАШка каршы согушуу үчүн аларга берилген куралдар менен Түркиянын чек араларын бутага алууну улантууда»,-деди.
Түркиянын БУУдагы (БУУ) туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу, Түркиянын ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмга каршы операцияларын сынга алууларга карата:«Бул террордук уюмду дагы эле колдогондордон же Түркиянын бул террордук/бөлүүчү коркунучту жок кылуу чечкиндүүлүгүнө «тынчсыздангандардан» сурап жатам: Качанкыга чейин бул террордук уюмдун кылмыштарын көрмөксөнгө саласыңар?»-деп менен жооп берди.
Түркиянын БУУнун Уставынын 51-беренеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдорундагы өзүн коргоо укугуна ылайык улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген бардык террордук уюмдар менен күрөшүп жатканын баса белгилеген Феридун Синирлиоглу: «Бул күрөштү улантууга чечкиндүүбүз, Түркия мурдагыдай эле аймактагы сириялык жарандардын жабыркабашы үчүн бардык чараларды жана кадамдарды жасоодо»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.