Алтун: «Колониялык тартипке каршы тилектештикте эффективдүү күрөш жүргүзүшүбүз керек»

Алтун, Стамбулда 48 өлкөнүн министрлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда Түркиянын кожоюндугунда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Маалымат министрлери конференциясынын 12-жыйынынан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү

1896322
Алтун: «Колониялык тартипке каршы тилектештикте эффективдүү күрөш жүргүзүшүбүз керек»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, жалган маалымат жана исламофобиянын эл аралык аренада медиа жана маалымат чөйрөсүндө курулган колониялык тартиптин колдонгон стратегияларынын арасында экенин баса белгилеп:«Биз бул колониялык тартипке каршы тилектештикте эффективдүү жана көп кырдуу күрөш жүргүзүшүбүз керек»,деди.

Алтун, Стамбулда 48 өлкөнүн министрлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда Түркиянын кожоюндугунда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Маалымат министрлери конференциясынын 12-жыйынынан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлде туш болгон кыйынчылыктардын кээ бирлеринин медиа, байланыш жана маалымат тармагында болуп жатканын белгилеген Алтун, бул кыйынчылыктарды жеңүүнүн эң маанилүү куралынын дос өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жана координация экенин белгиледи.

«Чындыктын тышында дезинформация жана исламофобия менен күрөшүү» темасы менен өткөрүлө турган конференцияда таштала турган биргелешкен кадамдарды сүйлөшкөндөрүн белгилеген Алтун: «Шексиз, дезинформация жана исламофобия эл аралык аренада медиа жана маалымат алкагында курулган колониялык тартип колдонгон стратегиялардын арасында. Ошондуктан бул колониялык тартипке каршы тилектештик менен эффективдүү жана көп өлчөмдүү күрөш жүргүзүүбүз керек»,-деп айтты.

Чындыктан кийинки доордо жалган маалымат менен күрөшүүнүн кыска, орто жана узак мөөнөттүү стратегияларга муктаж экенин баса белгилеген Алтун: «Бул багытта биз укуктук инфраструктураны чыңдоо, медиа сабаттуулукту жайылтуу жана тастыктоо механизмдерин иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү көз карашты алдыга койдук»,-деди.



Тектеш кабарлар