Шахтада каза болгондордун саны 40ка жетти

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Түркиянын таш көмүр мекемесине  караштуу шахтада кечээ кечинде саат 18:15тер чамасында болгон жарылууда 40 жумушчунун каза болгонун билдирди.

1893210
Шахтада каза болгондордун саны 40ка жетти

Бартын облусунун  Амасра районундагы шахтада болгон жарылууда каза болгон жумушчулардын саны 40ка жетти.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Түркиянын таш көмүр мекемесине  караштуу шахтада кечээ кечинде саат 18:15тер чамасында болгон жарылууда 40 жумушчунун каза болгонун билдирди.

Сойлу жарылуу учурунда шахтада болгон 110 жумушчунун 58инин куткарылганын, 11инин да дарыланып жатканын айтып : "Бир жумучубуздун абалы белгисиз. Бир жумушчубузду издөө иштери улантылууда",- деди. Сойлу менен аймакка барган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез алгачкы белгилөөлөрдүн шахтада рудин газынын жарылуусун белгилегендигин айтышты. Дөнмез шахтадагы өрттүн чоң бөлүгүнүн көзөмөлгө алынгандыгын билдирди. Окуя тууралуу тергөө иши башталды.

Бүгүнкү программаларын токтоткон президент Эрдоган Бартынга барып, издөө -  куткаруу иштерин ордунда координациялайт.

Президент Эрдоган соцтармактан берген билдирүүсүндө да Бартында болгон шахта кырсыгынан кийин дароо баштатылган иштердин бир нече мекеменин жана  министрлердин катышуусу менен үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Эрдоган : "Каза болгон шахтерлорубуздун үй  - бүлөлөрү, балдары биздин аманытыбыз. Каза болгондорду кайтарып ала албасак да үй  - бүлөлөргө ээ чыгабыз",- деди. 

Сот органдарынын кайгылуу бул окуяны бардык тарабы менен иликтей тургандыгын, кичинекей ыктымалды да жоопсуз калтырбай тургнадарын баса белгилеген Эрдоган каза болгон жумушчуларга Аллахтан ырайым, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалады. 

 



Тектеш кабарлар