Президент Режеп Таййип Эрдоган Катар эмири Тамим бин Хамад Аль Сани менен жолугушту
Эрдоган менен Аль Сани эки өлкөнүн тийиштүү министрлери катышкан Түркия - Катар Жогорку стратегиялык комитетинин 8 - жйынына жетекчилик кылышты.
Президент Эрдоган Стамбулда Долмабахче иш алып баруу кеңсесинде Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани менен жолугушту. Массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жолугушуудан кийин Эрдоган менен Аль Сани эки өлкөнүн тийиштүү министрлери катышкан Түркия - Катар Жогорку стратегиялык комитетинин 8 - жыйынына жетекчилик кылышты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Катардын вице - премьер - министри жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Сани жыйындан кийин биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Президент Эрдоган менен Катар эмири Шейх Темимдин алдында кол коюу аземинде түрдүү тармактарда 11 кызматташуу келишимине да кол коюлду.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.