Мустафа Шентоп менен Фахреттин Алтун шахтада каза болгондор үчүн көңүл айтты
Шентоп : «Дуаларыбыз шахтада калгандардын куткарылышы жана каза болгондордун саны көбөйбөшү үчүн. Элибизге көңүл айтамын»,- деди.
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Амасрада шахтада болгон жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоп Түркия таш көмүр мекемесинин Амасра карьериндеги жарылууда каза болгондор үчүн Твиттерден да көңүл айтуу жарыялады.
Каза болгондорго Аллахтан ырайым, жакындарына сабыр, жаралуулардын тез айыгып кетишин каалаган Шентоп : «Дуаларыбыз шахтада калгандардын куткарылышы жана каза болгондордун саны көбөйбөшү үчүн. Элибизге көңүл айтамын»,- деди.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун да соцтармактан берген билдирүүсүндө жарылуудан улам каза болгон жумушчуларга Аллахтан ырайым, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалап : «Бардык мекемелерибиз бул кайгылуу окуя тууралуу толук координациялуу ишин улантууда»,- деди.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.