Амасрада болгон жарылуу тууралуу көңүл айтуулар келүүдө

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жарылууда каза болгондор үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү.

1893179
Амасрада болгон жарылуу тууралуу көңүл айтуулар келүүдө

Бартын облусунун Амасра районундагы шахтада болгон жарылууда каза болгондор үчүн дүйнөдөн көңүл айтуу билдирүүлөрү келүүдө.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жарылууда каза болгондор үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү.

Алиев билдирүүсүндө Бартындагы шахтада болгон жарылууда көп сандаган кишинин каза болушу жана жаракат алышынан кайгылангандыгын белгиледи.

Түркиянын кайгысын бөлүшкөндөрүн айткан Алиев Эрдоганга, каза болгондордун үй  - бүлөсү жана жакындарына, боордош түрк калкына өзү жана Азербайжан калкынын атынан көңүл айтты. Алиев жаралуулардын да бат айыгып кетишин каалады.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар да Твиттреден Бартындагы шахтада болгон жарылууга байланыштуу көңүл айтуу жарыялады.  Татар көңүл айтуусунда буларды билдирди : «Амасрадагы шахтада болгон жарылууда каза болгондорго Аллахтын ырайымын, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалаймын. Издөө – куткаруу топторунун иши ийгиликтүү болсун».

Казакстандын президенти Касым - Жомарт Токаев да президент Эрдоганга жиберген билдирүүсүндө : "Казакстан эли жана өзүмдүн атымдан сизге жана жакындарын жоготкон үй - бүлөлөргө көңүл айтамын жана кайгыңыздарды бөлүшөмү. Каза болгондор үчүн Аллахтын ырайымын, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалаймын",- деди. 

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили, премьер  - министр Иракли Гарибашвили менен тышкы иштер министри Илиа Дарчиашвили да жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтышты. 

Пакистандын премьер  - министри Шахбаз Шариф да Твиттерден берген билдирүүсүндө шахтада болгон жарылууда каза болгондор үчүн терең кайгырганын баса белгилеп: «Ойлорубуз жана тилегибиз каза болгондордун үй - бүлөлөрү жана түрк калкы менен бирге. Шахтада калгандардын тезирээк куткарылышын каалаймын",- деди.  

Россиянын президенти Владимир Путин да жардыруудан каза болгондор үчүн президент Эрдоганга көңүл айтты.

Кремлден берилген маалыматка караганда Путин билдирүүсүндө : "Бартындагы шахтада болгон трагедиялуу кырсыктан улам каза болгондор үчүн көңү айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгон шахтерлордун үй - бүлөлөрү жана жакындарына көңүл айтуумду, колдоомду билдирүүңүздү суранам",- деди. 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттер эсебинен түрк тилинде  : "Бартындын Амасра районунда болгон жарылуунун кабарын алдым. Каза болгондордун жакындарына  көңүл айтам, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалайм",- деп билдирди. 

Иорданиянын тышкы иштер министрлигинен берилген билдирүүдө да Иорданиянын боордош Түркия Республикасы жана калкы менен тилектештик ичинде экендиги белгиленди. Маалыматта жарылууда каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтылып,  жаралууларга карата бат айыгып кетүү тилектери билдирилди.

Омандын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жардыруудан улам Түркиянын кайгысын тең бөлүшкөнү белгиленди.

Билдирүүдө тышкы иштер министрлигинин жардырууда каза болгондордун жакындарына, түрк өкмөтүнө жана элине көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалары маалымдалды. 

Түркиядагы чет элдик миссиянын өкүлдөрү да жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтуу билдирүүлөрүн жарыялашты. 

 

 

 



Тектеш кабарлар