Түркия жалган маалымат менен күрөшүүнүн алкагында укуктук жөнгө салууну ишке ашырды

Социалдык медиада жалган маалыматтар менен кабылдоону башкарууну алдын ала турган жобо Түркия Улуу Улуттук Парламенти тарабынан кабыл алынды.

1892865
Түркия жалган маалымат менен күрөшүүнүн алкагында укуктук жөнгө салууну ишке ашырды

Түркия жалган маалымат менен күрөшүүнүн алкагында укуктук жөнгө салууну ишке ашырды.

Социалдык медиада жалган маалыматтар менен кабылдоону башкарууну алдын ала турган жобо Түркия Улуу Улуттук Парламенти тарабынан кабыл алынды.

Буга ылайык эл алдында жалган маалымат таратуу кылмышына 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилет.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы жалган маалымат боюнча күрөшүү мыйзамы менен социалдык медиада коопсуз доордун башталарын баса белгилеген китепче даярдады.

Китепчеде өлкөдө кеңсеси жок социалдык медиа компанияларын текшерүүгө мүмкүн эместиги, жеке маалыматтар гана эмес, бардык маалыматтар коркунучта экени баса белгиленди.

Мыйзам менен фирмалардын өлкө ичинде кеңсесинин ачылышы менен көзөмөлгө алына алат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш органы маалыматтарды коргоого ыйгарым укуктуу болот.

Китепчеде негизги укуктар менен ой эркиндигинин негизинде түзүлгөн жободо «эркиндик» менен «коопсуздук» тең салмактуулугу сакталганы айтылды.

Эч бир колдонуучуга же компанияга тыюу салбай турган мыйзам менен кабылдоо операцияларына каршы эффективдүү жана мыйзамдуу күрөш жүргүзүлөт. Террордук пропаганда сыяктуу коомдук тынчтыкту бузууну көздөгөн маалыматтарга бөгөт коюлат. Түзөтүү менен социалдык желе түзүүчүлөрүнө да жоопкерчилик берилет. Желе түзүүчүлөр колдонуучуларга сунушарды киргизип жатып  кандай параметрлерди колдонгондугун, интернет сайтында ачык,  түшүнүктүү жана оңой жеткиликтүү жерди көрсөтүүгө милдеттүү.

Милдеттенмелерин аткарбаган социалдык медиа компаниялары "тилкесин кыскартуу" жана "жарнамага тыюу салуу" менен жазаланат.

Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган китепчеде Түркиянын жөнгө салуу жагынан башка өлкөлөргө салыштырмалуу жолдун башында экендиги баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар