Эрдоган  Владимир Путиндин Түркияда жаратылыш газ борборунун курулушу тууралуу сунушуна баа берди

Эрдоган  Владимир Путиндин Түркияда жаратылыш газ борборунун курулушу тууралуу сунушуна баа берди.

1892942
Эрдоган  Владимир Путиндин Түркияда жаратылыш газ борборунун курулушу тууралуу сунушуна баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Россиянын президенти Владимир Путиндин Түркияда жаратылыш газ борборунун курулушу тууралуу сунушуна байланыштуу : «Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигибиз жана Россия тарабында тийиштүү мекемеге биргеликте иш алып баруу тапшырмасын бердик»,- деди.

Президент Эрдоган Казакстан сапарынан кайтуусунда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Эрдоган Путиндин «Европа үчүн Түркияда чоң газ борбору түзүлүшү мүмкүн. Газ өткөрүүдө  Түркия Европа Биримдиги үчүн абдан маанилүү бир жол» деген билдирүүсүнө баа берип, буларды айтты : «Мындай бөлүштүрүү борбору үчүн албетте Фракияны маанилүү жер катары көрүп жатабыз. Биз башта Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигибизге жана Россия тарабынан тийиштүү мекемеге биргеликте иш алып баруу тапшырмасын урматтуу Путин менен бердик. Ал жерде бул ишти аткарышат. Ылайыктуу жер кай жер болсо бөлүштүрүү борборун ошол жерге курабыз. Биздин улуттук бөлүштүрүү борборубуз бар бирок албетте азыр бул эл аралык бөлүштүрүү борбору болот. Бул тууралуу Энергетика жана жарытылыш ресурстары министрлигибиз менен Россия тарабы иш алып барып, бизге сунушташат жана андан кийин кадам таштайбыз. Бул жерде күтүү деген нерсе жок. Бүгүн биз чечимди Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрибизге бердик. Ошол эле учурда бул жолугушууда  Газпромдун төрагасы  Миллер да  жыйында болду. Эми досторубуз бири-бири менен сүйлөшүп ишке киришет. Биз коопсуздук пунктунда ар кандай кадамдарды жасап, коопсуздук эмне талап кылса  бул коопсуздук тармагын тез арада орнотобуз жана ошого жараша иштөөнү улантабыз».



Тектеш кабарлар