Эрдоган Прагада жолугушууларды өткөрүүдө

Эрдоган Европа саясий шериктештигинин жыйынына катышуу үчүн Чехияга барды.

1889446
Эрдоган Прагада жолугушууларды өткөрүүдө
erdogan macron cekya.jpg
erdogan cekya aliyev-pasinyan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Чехиянын борбор шаары Прагада Европа саясий шериктештигинин жыйынынан мурда лидерлер менен жолугушту.

Жыйын өтө турган Прага сепилине барган президент Эрдоган, фойе аянтында Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен бир топко баарлашты.

Эрдоган Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен да сүйлөштү.

Түрк мамлекеттери уюму тууралуу баарлашууда Эрдоган Макронго: «Сени да кошолу», - деди. 

Президент Эрдоган андан соң лидерлер менен үй-бүлөлүк фотосүрөткө түшүүгө катышты.

Эрдоган Европа Биримдигиндеги 27 өлкө менен бирге ЕБга кирбеген 17 Европа өлкөсү чакырылган иш-чарада «тынчтык жана коопсуздук» темасындагы тегерек стол жыйындарына катышып, тынчтык жана коопсуздук, энергетика, климат, экономикалык абал жагынан Европанын алдында турган кыйынчылыктарга байланыштуу Түркиянын көз караштарын, салымдарын жана баалоолорун билдирет.

Европа саясий шериктештиги пикири биринчи жолу май айында Франциянын президенти Макрон тарабынан сунушталган.

Жыйындын Евробиримдиктен тышкары бүткүл Европа боюнча саясий талкуу платформасы болушу көздөлүүдө. Евробиримдиктин жетекчилиги да бул пикирди колдоп жатат.



Тектеш кабарлар