Түрк Кызылайы Пакистанга жардам көрсөтүүнү улантууда

Түркиянын Кызыл жарым ай коому, Куетта шаарынын Дашт аймагындагы муктаждарга азык-түлүк пакеттерин таратты.

1882978
Түрк Кызылайы Пакистанга жардам көрсөтүүнү улантууда

Түрк Кызылайы Пакистанда селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү улантууда.

Пакистандын ар кайсы аймактарында ишмердүүлүгүн уланткан Түрк Кызылайы Куетта шаарынын Дашт аймагындагы муктаждарга азык-түлүк пакеттерин таратты.

Түрк Кызылайынын Эл аралык делегация жана операция директору Аныл Кожабал, июль айынан бери уланган нөшөрлөгөн жамгырлардын кесепетинен жүргөн селдерден жабыркаган өлкөгө жүздөгөн чатыр, 1500дөн ашуун азык-түлүк пакети жана көптөгөн азык-түлүктөн тышкаркы жардам материалдарын тараткандарын айтты.

Кожабал, селден жабыркагандарга коопсуз суу берүүнүн маанисине көңүл буруп, ушул алкакта 5 миң үй-бүлөгө суу тазалоочу системаларды тарата тургандарын белгиледи.

Селден кийин жугуштуу оорулардын көбөйгөнүн билдирген Кожабал, 3 аймакта 30 миң кишиге кызмат кыла турган мобилдик ден соолук бөлүмдөрү үчүн даярдыктардын уланып жатканын маалымдады. 



Тектеш кабарлар