Ынандыруу аракеттери уланып жатат

Ички иштер министрлиги билдирүү жасады.

1882885
Ынандыруу аракеттери уланып жатат

Ынандыруу аракеттеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККдан качкан дагы 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Министрликтин координациясында Жандармериянын башкы командирлиги менен Коопсуздук башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ынандыруу иштеринин негизинде дагы 2 террорист террордук уюмдан качып коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Колго түшүп берген террористтердин 2015-жылы террордук уюмга кошулуп, Ирак жана Сирияда иш алып баргандары аныкталды.

Ушундайча ынандыруу аракеттеринин натыйжасында жыл башынан бери багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 92ге жетти.



Тектеш кабарлар