Түрк Кызылайы Пакистанга жардам көрсөтүүдө

Түркиянын Кызыл жарым ай коому маалымат берди.

1882256
Түрк Кызылайы Пакистанга жардам көрсөтүүдө
yardim treni pakistan.jpg
Turk kizilay pakistan yardim1.jpg
Turk kizilay pakistan yardim.jpg

Пакистанда селден жабыркагандар Түрк Кызылайы жөнөткөн чатырларга жайгаша баштады.

Түрк Кызылайынын билдирүүсүнө караганда, Пакистандын Белужистан, Синд, Гилгит-Балтистан, Пенджаб жана Кашмир аймактарында сел жүргөндөн бери жардам көрсөтүп жаткан Түркиянын Кызыл жарым ай коому, Пакистанда эл чогулткан жардамдарды, Түркиядан жөнөтүлгөн жардамдарды, Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (AFAD) координациясында даярдалган Жакшылык поезди жана жүк ташуучу учактарга жайгаштырган гуманитардык жардам материалдарын жеткирип берди. Пакистандын Кызыл жарым ай коому менен биргеликте азык-түлүк пакеттерин, гигиеналык комплекттерди, матрацтарды, жууркандарды, суу кутуларын, кийим-кечектерди жана оюнчуктарды берүүнү улантып жаткан Түрк Кызылайы, сел жүргөн аймактарга жөнөткөн 500 даана 12 чарчы метрдик чатырларды куруп берип жатып, экинчи жагынан селден жабыркаганды курулуп бүткөн чатырларга жайгаштыра баштады.

Кызылай ошондой эле эпидемиялардын алдын алуу жана апааттан жапа чеккендерди таза суу менен камсыз кылуу максатында 10 тонна сууну тазалоочу системаны таратып, муктаж болгон жалпы 5 миң үй-бүлөгө жетүүнү пландоодо.

Ошол эле учурда Ван губернаторлугунун координациясында облустук апаат жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан 21 облуста даярдалган 811 тонна 330 килограммдык 53 миң 950 азык-түлүк пакети Ван темир жол станциясында вагондорго жүктөлүп Пакистанга жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар