Түркия- ЮНИСЕФ кызматташуусу

Элчи Синирлиоглу: «Келишим Түркия менен ЮНИСЕФтин ортосундагы өнөктөштүктү дагы да бекемдейт».

1880074
Түркия- ЮНИСЕФ кызматташуусу

Түркия менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) ортосундагы «Кожоюн өлкө келишими» жаңыланды.

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн аземде Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу менен ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Расселдин ортосунда Келишимге кол коюлду.

Элчи Синирлиоглу: «Келишим Түркия менен ЮНИСЕФтин ортосундагы өнөктөштүктү дагы да бекемдейт»,-деди.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Рассел болсо келишимге кол коюудан кубанычта экендиктерин, глобалдык иш-аракеттерин борбор шаар Анкарадан кийин Стамбулда да уланта тургандарын айтты.

Рассел ошондой эле 4 миллиондон ашуун сириялык качкынды кабыл алган Түркияга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар