Шентоп Фланаганды кабыл алды

Шентоп борбор калаа Анкарадагы кабыл алуусунда Түркия менен Ирландиянын ортосундагы көп жылдык эки тараптуу мамилелерге канааттангандыгын билдирди.

1880221
Шентоп Фланаганды кабыл алды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Ирландия Парламентинин тышкы иштер жана коргоо боюнча биргелешкен комитетинин төрагасы Чарльз Фланаганды жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

Шентоп борбор калаа Анкарада Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги кабыл алуусунда Түркия менен Ирландиянын ортосундагы көп жылдык эки тараптуу мамилелерге канааттангандыгын билдирди.

Көптөгөн тармактарда жакшы болгон карым-катнаштарды экономика, билим берүү, илим-технология, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда дагы да өнүктүрүүгө болоорун айткан Шентоп, парламенттер аралык мамилелердин да жогорку деңгээлге чыгарылышы мүмкүн экенин айтты.

Жолугушууда глобалдык жана аймактык темаларга баа берген Шентоп, Түркиянын 40 жылдан ашуун убакыттан бери террор менен күрөшүн улантып жатканын белгиледи.

Жикчил террордук уюм ПККнын Сирия сыяктуу өлкөлөрдө ар кандай аттар менен иш алып барышынын жаңылтуучу экенин белгилеген Шентоп, ПККнын Европа Биримдигинин (ЕБ) террордук уюмдар тизмесинде калышы үчүн Ирландиянын колдоосун өтүндү.

Шентоп ошондой эле 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетин ишке ашырган Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) тууралуу да эскертип, Түркиянын уюмдан качкан мүчөлөрү менен күрөшүн өлкө ичинде да, чет өлкөдө да улантып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар