Түркия Эфиопиядагы ок атышпоону кубаттады
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич Эфиопиядагы окуяларга байланыштуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.
Түркия Тиграй Элдик Боштондук фронтунун (TPLF) Эфиопияда ок атышпоо жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу билдирүүлөрүн кубаттады.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич Эфиопиядагы окуяларга байланыштуу суроого жазуу түрүндө жооп берип: «Эфиопиядагы TPLF тарабынан кечээ (11-сентябрда) жасалган, Федералдык өкмөт менен ок атышууну токтотуу жана Африка биримдигинин көзөмөлү астында тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экендиги жөнүндөгү билдирүүсүн биз кубаттайбыз»,-деп айтты.
Билгич Түркиянын Эфиопиядагы зомбулуктун биротоло бүтүшү үчүн диалогго чакырууга жана бул контекстте ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Министр Уралоглу Германияда Өнүгүү жолу долбоорун түшүндүрөт
Эл аралык транспорт форуму (ITF) саммити 22-23-майда Германиянын Лейпциг шаарында өтөт.