Эрдоган Вучич менен маалымат жыйын өткөрдү

Эрдоган менен Вучичтин бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү тармактарда 7 кызматташтык келишимине кол коюлду.

1877062
Эрдоган Вучич менен маалымат жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын оңой-олтоң өлкө эмес экенин айтты.

Президент Эрдоганды Балкан сапарынын экинчи аялдамасы Сербиянын борбор шаары Белградда кесиптеши Александр Вучич расмий азем менен тосуп алды.

Эрдоган менен Вучичтин бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү тармактарда 7 кызматташтык келишимине кол коюлду.

Президент Эрдоган Вучич менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында, эки өлкөнүн карым-катнаштарын кеңири талкуулашкандарын белгилеп, Босния-Герцеговинадагы абалдар менен бирге аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашканын айтты.

Өздүк карта менен саякаттоого кол коюлган протоколдун Түркия-Сербия карым-катнаштарын жаңы деңгээлге чыгара турганын белгилеген Эрдоган, Сербия менен соода көлөмүнүн өткөн жылы 33 пайыздан ашык өсүү менен 2 миллиард долларга жеткенин жана муну 5 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылгандарын белгиледи.

Жолугушууларда Түркиянын Балкан өлкөлөрүндөгү тынчтык жана ырааттуулукка маани бергенин дагы бир жолу ырастагандарын баса белгилеген президент, маселелердин диалог аркылуу чечилишин чын жүрөктөн колдой тургандарын маалымдады.

24-февралда башталган Орусия-Украина согушуна да токтолгон Эрдоган, Түркиянын бул эки өлкөнүн ортосунда дайыма тең салмактуулук саясатын карманып келгенин, Батыштын болсо провокацияга таянган саясат жүргүзүп жатканын айтты.

Батыштын Украинага курал берип жатканын белгилеген президент, бул согуштун жеңүүчүсү жок экенине көңүл буруп: «Бул иштин жеңүүчүсү Орусия же Украина деп айта албайм. Бирок биз буга чейин карманып келген саясат, Орусия менен Украинанын ортосундагы бул согуш тезирээк бүтөбү же жокпу? Биз буга умтулуп жатабыз. Бирок жакын арада бүтчүдөй эмес. Орусияны теңине албагандарга да айтар элем, туура эмес кылып жатасынар. Орусия оңой-олтоң өлкө эмес. Анан эмне болду? Орусия жаратылыш газын токтотуп койду. Европада баалар дароо кымбаттап кетти. Азыр баары бул кыштан кантип чыгабыз деп ойлонуп жатышат. Эмне үчүн алгач муну ойлонгон жоксуңар? Орусиянын колунда мынчалык маанилүү баалуулук бар»,-деди.

Президент Эрдоган жолугушууларынын алкагында Түркия-Сербия бизнес форумуна да катышты.



Тектеш кабарлар