Эрдоган: "Түркиясыз НАТО күчтүү эмес"

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттерге билдирүү жасады.

1875193
Эрдоган: "Түркиясыз НАТО күчтүү эмес"

Президент Режеп Таййип Эрдоган: "Түркиясыз НАТО күчтүү эмес",- деди.

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттерге билдирүү жасады.

НАТО миссиясын аткарган түрк учактарына 23-августта Грециянын Крит аралындагы С-300дөр аркылуу радар бөгөтү коюлганына токтолгон Эрдоган: "Түркиясыз НАТОну элестетүү мүмкүн эмес. Грециянын НАТОдо эч кандай баркы жок. Түркия бар болсо НАТО күчтүү, Түркиясыз НАТО күчтүү эмес",-деп айтты.


Этикеткалар: #Крит аралында НАТО

Тектеш кабарлар