Алтун: «Сирияда качан операция баштаарын Түркия чечет»

Фахреттин Алтун Норвегиянын алдыңкы гезиттеринин бири «Aftenposten» гезитинин суроолоруна жооп берди.

1873024
Алтун: «Сирияда качан операция баштаарын Түркия чечет»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Сирияга качан операцияны баштай турганын Түркиянын чечерин айтты.

Фахреттин Алтун Норвегиянын алдыңкы гезиттеринин бири «Aftenposten» гезитинин суроолоруна жооп берди.

Сирияда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга каршы аскердик операция качан баштала турганы тууралуу суроого Алтун, ПКК/ЙПГ террордук уюмунун түрк аскерлерине да, Түркиянын коргоосу астындагы сириялык жарандар жашаган аймактарга да кол салганын айтты.

Түркия үчүн эң биринчи маселе жарандарынын жанынын жана мүлкүнүн коопсуздугу экенин баса белгилеген Алтун мунун алкагында аймактык тынчтык жана ырааттуулуктун маанисине көңүл бурду.

Алтун: «Сирияда качан операция баштаарын Түркия чечет»,-деди.

«Түркиянын аскердик аракети орус бийлигинин макулдугусуз же колдоосусуз башталышы мүмкүнбү?» деген суроо боюнча Фахреттин Алтун: «Түркиянын таштай турган эч бир кадамы эч кимдин уруксаты же макулдугу менен болбойт»,-деди.

Алтун, Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө Түркияда расмий түрдө уруксат бериле турган күн барбы деген суроого да сөз болуп жаткан эки өлкөнүн Мадридде (июндагы НАТО саммитинде) берген убадаларын аткарышы керектигин баса белгиледи.

«Эгерде айтылган убадалар аткарылганына ынансак, алардын мүчөлүгү бекитилет. Учурда Түркия Улуу Улуттук Жыйыны иштебей эле. Ошондуктан бүгүнкү күндө конкреттүү дата тууралуу айта албайбыз»,-деп айтты ал.

Түркиянын Финляндия жана Швециядан эки негизги күтүүсү бар экенин белгилеген Фахреттин Алтун мындай деп улантты: «Биринчи кезекте НАТО өкүлү болгон союздаштык рухуна каршы деген жүйө менен коргоо тармагына каршы санкцияларды алып салууну сурандык. Экинчи маселе Түркияны коркуткан террордук уюмдарга каршы конкреттүү кадамдарды таштоолору болду. Ушул алкакта ПКК/ЙПГ жана 2016-жылы Түркияда Төңкөрүш жасоого аракет кылып, 251 кишини өлтүргөн ФЕТӨ (Фетуллахчы террор уюму) мүчөлөрүнө башпаанек бербөөнү талап кылдык. Швеция менен Финляндия бул талаптарды аткара турганын жарыялашты. Учурда бул талаптарга баа берүүдөбүз».

Алтун Түркиянын күтүүсүнүн Швеция жана Финляндиянын Түркияны шериктеш катары көргөндөрүн жана керектүү нерсени жасай турганын далилдөөсү экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар